Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 46
Ош шаарында тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана турак-жай коммуналдык чарбасын өнүктүрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, 35 беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык кеңешинин иш планына ылайык Ош шаарында тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана турак-жай коммуналдык чарбасын өнүктүрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматтарын угуп, талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 23-майындагы отурумунун №3 чечимин, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңешинин токтом кылат:
1. Ош шаарында тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана турак-жай коммуналдык чарбасын өнүктүрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |