Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 47
Ош шаарында инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 21-майындагы чыгуу №08-13/882 сандуу Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарында инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча Ош шаарынын биринчи вице-мэри М.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 30-майындыгы №2 чечимин, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарында инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча Ош шаарынын биринчи вице-мэри М.Исаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- Ош шаарында таза суу, саркынды суу маселелерин жана катуу таштандыларды иштетүүнү жолго коюу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү;
- “Кыргыз Текстил ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган текстил фабрикасынын толук кандуу ишке түшүүсүнө көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жеке өнөктөштүк принцибинин негизинде жаңы жумуш орундарын түзүү сунушталсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Эркинбаев) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |