Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 48
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги №08-13/694 өзүнчө резервдик ротананын өздүк курамын кийимдер жана тамак аш менен камсыз кылууга, ошондой эле резервдик роталардын жана кабыл алуу пунктунун иш кагаздарына, шаймандарына керектелүүчү каражаттарды сатып алууга 681200 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 10-майындагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен 681200 сом акча каражатын өзүнчө резервдик ротананын өздүк курамын кийимдер жана тамак-аш менен камсыз кылууга, ошондой эле резервдик роталардын жана кабыл алуу пунктунун иш кагаздарын жүргүзүүгө керектелүүчү шаймандарды жана кеңсе буюмдарды сатып алуу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |