Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 51
Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин № 54 жарлыгынын негизинде Ош шаарыныны мэриясы тарабынан иштелип чыккан “Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону кароодо Ош шаардык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларында айтылган сын сунуштарын жана ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасына (Б.Усонов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |
| Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы кезектеги IХ сессиясынын №51-токтомуна тиркеме |
“Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө”
ЖОБО
1. Жобонун негиздери жана максаттары.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
4. Салтанаттарды өткөрүү жана ашыкча убарагерчиликтерди жоюу.
5. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби.
6. Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.
7.1. Жергиликтүү комиссия.
7.2. Ош шаарынын комиссиясы.
8. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
1. Жобонун негиздери жана максаттары
1.1 Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна негизделип, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алуу менен, жергиликтүү жамааттын жыйындарында кабыл алынган сунуштарды камтыйт.
1.2. Жобонун максаты Ош шаарында жана шаардын аймагында жайланышкан калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, маркумдун жакын туугандарын мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөөгө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. “Ош шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону (мындан ары - Жобо) иштеп чыгуу үчүн шаардын мэринин буйругу менен жана жеринде муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын буйруктары менен курамы мэриянын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринен, шаардык Кеңештин депутаттарынан, ардагерлер, аялдар, жаштар уюмдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын, аксакалдар сотторунун, укук коргоо органынын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ т\з\лът.
2.2. Ушул Жобонун негизинде жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Жобонун долбоору шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат, көрүнүктүү жерлерде тактайларга илинет, мэриянын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып Жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан Жобо Ош шаардык кеңешинин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин токтому күчүнө кирген соң, белгиленген тартипте шаардык кеңештин жана Ош шаарынын мэриясынын сайттарына жарыяланат.
2.4. Жобонун түп нускасы кызыккан жарандарга шаардык Кеңеш жана шаардын мэриясы тарабынан тоскоолдуксуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга “Бешик той”, “Тушоо кесүү той”, “Балдарды сүннөткө отургузуу”, “Нике (үйлөнүү) той”, “Кыз узатуу”, “Куда тосуу”, мааракелерди өткөрүү сыяктуу ж.б. салтанаттар кирет.
3.2. Үйлөнүү той эки тараптын (кудалар) эсебинен, алардын макулдашуусунун негизинде 300-450 адамга чейинки “банкеттик кече” формасында өткөрүлөт. Ар кандай формада кайталап, ысырап кылбай той өткөрүү маселеси эки куда тараптын биргеликтеги макулдашуусу менен чечилүүгө тийиш.
Үйлөнүү тойдо бир союш союга уруксат берилет.
3.3. Кудалашуудан баштап, үйлөнүү тоюна байланышкан бардык иш-чараларда (салттарда) кыз-жигитке жана алардын ата-энелерине гана белектерди жана сый кийимдерди берүү менен чектелет.
3.4. Тойдон кийинки салттык эрежелер: “Отко кирүү”, “Кыз көрдү”, “Төркүлөтүү” сыяктуу иш чаралар, өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 15тен ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт.
3.5. Кыз узатууда күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрамдарда күйөө балага баалуу белектерди берүү, куйөө баланын үйүн тиричилик буюмдары менен толтуруу сыяктуу салттар ысырапкерчилик жана ашыкча чыгым катары эсептелинет.
3.6. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында (ЗАГС) никени мамлекеттик каттоодон өткърүү салтанаттарында үчтөн ашыкча транспортту пайдаланууга жол берилбейт.
3.7. Зыяратка жөнөтүүдө жана ажыны тосуп алууда 1ден ашыкча транспортту пайдаланууга болбойт. Жарандын ажыдан келгендиги үчүн бодо мал союуга уруксат берилбейт.
3.8. Той жана ырым-жырым салтанаттарын өткөрүү саат 23:00төн ашпоого тийиш.
3.9. Үй-бүлөлүк салтанаттар мындан ары Жободо белгиленген тартип жана эрежелерди бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Салтанаттарды өткөрүү жана ашыкча убарагерчиликтерди жоюу
4.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ишке киришкенде, класстык чен, мамлекеттик сыйлык, илимий же кесиптик даража алганда, кесиптик күн жана туулган күн өткөрүү ниетинде мамлекеттик мекеме-уюмдарда банкеттерди, отуруштарды уюштурууга жана спирттик ичимдиктерин ичүүгө жол берилбейт.
4.2. Окуу жайларда, мектептерде улуттук салтта болбогон убарагерчиликтерге, мыйзамдарда каралбаган, үй-бүлөлүк бюджетке терс таасирин тийгизе турган ысырапкерчиликтерге жол берилбейт. Туулган күн, бүтүрүү кечелерди, акча топтоп мугалимдерге, окутуучуларга белек берүүлөр сыяктуу менталитетке туура келбеген, жосунсуз жоругу бар мааракелерди өткөрүүгө уруксат берилбейт.
4.3 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери 50, 60, 70, 80 ж.б. жашка чыккандыгына байланыштуу юбилейлерди өткөрүүдө, өздөрүнө баш ийген мекеме-уюмдардын жетекчи кызматкерлерин чакырууга жол берилбейт. Юбилейлер тууган-уругун, жакын санаалаштардын чакыруу менен гана өткөрүлөт.
4.4 Туулган күндү белгилөө жеке адамдардын каалоосу боюнча өз үй-бүлөсүндө өткөрүлүшү мүмкүн.
5. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби
5.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн өткөрүүдө бодо мал же жылкы союуга жол берилбейт.
5.2. Сөөк коюуда маркум менен коштошууга, аза күтүүгө келгендердин, жаназа окууга катышкандардын саны чектелбейт.
5.3. Сөөк коюуда маркум коюлуучу жай үчүн шаардык, аймактык мүрзөлөрдө жер аянттарды күн мурдатан аныктоо, жарандарды салыксыз, акысыз кабырлык жайлар, жер аянттары менен тоскоолсуз камсыздоо жергиликтүү бийлик органдарына милдеттендирилет.
5.4. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымы болуп жаткан жерде 3 күнгө чейин жандык союуга жана азага келгендерге сый дасторкондорду уюштуруп, тамактанууга уруксат эмес.
5.5. Сөөк коюу жана аза күтүү иш чараларында спирттик ичимдиктерин куюга, мас абалда келүүгө, улуттук менталитетке туура келбеген жосунсуз жоруктарга жол берилбейт.
5.6. Аза күткөн, кайгыга кабылган, жашоо шарты оор, жетим-жесир абалдагы жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн кайрымдуулук иштерин уюштурууга, каражат, азык-оокат жагынан жардамдарды берүүгө уруксат берилет.
5.7. Сөөк коюудан кийинки маркумду эскерүү ырым-жырымдары - үчүлүк, жетилик, бейшембилик, кырктык, тамак-аш берүүсүз, маркумга куран окуп, бата кылуу формасында өткөрүлсүн. Себет алып келүүгө жана “чай ичирүүгө”, кой алып барып өздөрү союп жегенге жол берилбейт.
5.8. Жаназа түшүргөндө имамдар тарабынан акча алуу динге каршы келген жорук катары бааланып, калк арасында терс мүнөздөгү көрүнүш катары эсептелет.
5.9. Сөөк коюу жана аза күтүүгө келгендерди конок кылып сыйлоого, ошондой эле жай казгандардан, сөөк жуугандардан башкаларга акча же буюмдарды берүүгө жана ырымдап “сандык ачуу”, “көк кийди”, “ак кийди”, “тон жапты”, “жыртыш жыртуу” сыяктуу ырым-жырымдарга жол берилбейт.
6. Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына шаардын мэри, анын орун басары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, шаардын комиссиясы жана жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
7.1. Жергиликтүү комиссия
7.1.1. Жергиликтүү комиссия муниципалдык аймактык башкармалыктарында түзүлөт. Анын курамына муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлер, аялдар, жаштар уюмдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын, аксакалдар сотторунун, ички иштер органдарынын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын буйруктары менен (макулдашуу боюнча) бекитилет.
7.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, маркумдун жакын туугандарын Жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же тиешелүү акт түзөт). Ал тууралуу маселени комиссияда карайт, талапты бузган адамдарга карата коомдук уяткаруу чарасын көрөт жана мындан ары кайталабоо боюнча эскертүү берет.
7.2. Ош шаарынын комиссиясы
7.2.1. Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча шаардын комиссиясы түзүлөт. Анын курамына Ош шаарынын мэринин орун басары (вице-мэр), аппараттын кызматкерлери, шаардык Кеңештин депутаттары, маданият башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын, кесиптик кошундардын, ардагерлердин, аялдардын, жаштардын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын, аксакалдар сотторунун, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү коомчулуктун, массалык-маалымдоо каражаттарынын ж.б. өкүлдөрү кирет. Шаардын комиссиясы Ош шаарынын мэринин буйругу менен (макулдашуу боюнча) бекитилет.
7.2.2. Шаардык комиссия өзүнөн төмөн турган комиссиялардын ишин уюштурат жана координациялайт, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча муниципалдык аймактык башкармалыктарында, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан иштерди учетко алуунун, алар жөнүндө мезгилдүү жана шашылыш билдирүүлөрдү жана маалыматтарды берүүнүн тартибин иштеп чыгат, анын аткарылышын камсыз кылат, Жобонун талаптарынын аткарылышына мезгилдүү мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, бул багыттагы иштер боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт, Жобонун талаптарын одоно жана массалык бузуу болуп жаткан жерлерге барып, аларды жеринде чечүү боюнча ыкчам чараларды көрөт, өзүнөн төмөн турган комиссиялардын иштерине карата даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн Мамлекеттик катчыга, Министрлер Кабинетине сунуш киргизет.
8. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
“Ош шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү жөнүндө” Жобонун талаптарын бузгандарга карата комиссиянын чечимдеринин негизинде коомдук уяткаруу, эскертүү сыяктуу чаралар көрүлөт жана материалдар аксакалдар сотторуна кароо үчүн өткөрүлүп берилет.
Комиссия негиздүү сунуштарды иштеп чыгып, жоопкерчиликти күчөтүү максатында, тактап айтканда, “жазана салуу” иштери боюнча тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуш киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу.
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Абдыраимов |
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ