Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 52
Ош шаарына автобустарды финансылык лизинг аркылуу сатып алуу үчүн Өзбек-Кыргыз өнүгүү фондунан насыя жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 30-майындагы №08-13/965 Ош шаарына Өзбек Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунан 50 даана коомдук транспорт үчүн финасылык лизинг аркылуу автобус сатып алууга Өзбек-Кыргыз өнүгүү фондунан 7 жыл мөөнөткө 5 пайыздык 1 850,0 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү насыя жана насыянын 30 пайызын түзгөн 50 млн. сом акча каражатын республикалык бюджеттен кошумча каржылоо үчүн алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 2-июнундагы №16 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарына 50 даана автобус финансылык лизинг аркылуу сатып алуу үчүн Өзбек-Кыргыз өнүгүү фондунан 5 жылдык мөөнөткө, негизги суммасын төлөөдө 6 айлык женилдетүү мөөнөтү менен, 4 пайыздык үстөк менен 1 850,0 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү насыя алууга жана насыянын 30 пайызын алдын ала төлөө үчүн республикалык бюджеттен 50 млн. сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферт алууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүүдө ар жылы, аталган насыяны төлөө үчүн 25,0 млн. сом акча каражаты (субсидия) каралсын, анын ичинде алынган автобустарды жыл сайын камсыздоо боюнча чыгымдар камтылат.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |