Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 53
“Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн жана шаардык кичи автобустук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субьекттер үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө
“Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын директору М.Тургунбаевдин “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн жана шаардык кичи автобустук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2022-жылдын 3-июнундагы отурумунун №7 чечимин, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 25-ноябрындагы №19 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүндө акы алып кызмат көрсөтүүнүн баасы катардагы 1 (бир) жүргүнчүнүн жол акысы 15 (он беш) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттери үчүн бир жылдык франшиза наркы: 1-категориядагы кичи автобустук маршруттук каттамдары үчүн 2925 (эки миң тогуз жүз жыйырма беш) сом; 2-категориядагы кичи автобустук маршруттук каттамдары үчүн 2700 (эки миң жети жүз ) сом; 3-категориядагы кичи автобустук маршруттук каттамдары үчүн 2475 (эки миң төрт жүз жетимиш беш) сом; 4-категориядагы кичи автобустук маршруттук каттамдары үчүн 2025 (эки миң жыйырма беш) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ош шаардык мэриясы (А.Мамбетов) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 7-8-бөлүмдөрүнүн негизинде, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин жана ага кошумча киргизүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын үч айдын ичинде иштеп чыгууну камсыз кылсын.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |