Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 54
Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндөгү 2022-жылдын 1-мартындагы №24 жана 29-апрелиндеги №57 токтомдоруна ылайык, Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 38,40-пункттарынын негизинде, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Караева Айгуля Адилбековна чыгарылып, бул комиссиянын курамына, анын ордуна депутаттык мандат алган, ушул эле фракциянын мүчөсү Шатманова Эльмира Бакировна киргизилсин;
1.2. Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Акматова Уларкан Жидебаевна чыгарылып, бул комиссиянын курамына, анын ордуна депутаттык мандат алган, ушул эле фракциянын мүчөсү Мирзаева Раида Асилбековна киргизилсин;
1.3. Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Турсунбаева Бахтияр Нематжановна чыгарылсын. Ушул эле комиссиянын курамына Каналиев Улан Касымовичтин ордуна депутаттык мандат алган “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Раимов Эмилбек Жеңишбекович киргизилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |