Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 56
Ош шаардык кеңешинин орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, 41 беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 26,29 пункттарына негизденип, Ош шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаардык кеңештин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарлыгына Шайиев Кушбак Искендерович шайланды деп эсептелсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасына (Б.Усонов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |