Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин (VII –шайланган) кезексиз тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 28- апрели № 9.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2022- жылга түзүлгөн милдеттери жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Н.Эстебесовдун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2022-жылга түзүлгөн милдеттери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы Н.Эстебесовдун маалыматы жактырылсын.
2. 2022-жылга Капчыгай айыл өкмөтүндөгү Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 140.0 ( жүз кырк миң ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине караштуу мал башына жайыт акы өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
Бодо малга – 60 сом
Жандык малга – 15 сом менен,
ал эми башка айыл өкмөттөрдөн келген
бодо малга - 500 сом
жандык малга – 50 сом
4. Жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Эстебесовдун жүктөлсүн.
5. Жайыт комитетине жана ар бир айылдын айыл башчыларына (Кара-Таш Сары-Бээ, Терек-Суу жана Ничке-Суу) төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- сырттан келген малдын башын тактап жана алардан салык өндүрүү;
- жайыттарды туура бөлүштүрүү;
- өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү (жайлоого көчүп чыгуу күнү 5-майдан 10-майга чейин, кайра көчүп түшүү күнү 26-августтан 1-сентябрга чейин күндөрдө) жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу;
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык кеңешинин агрардык,азык-түлүк,жер жана жер ресрустары,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( Б.Азимбаевге ) жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык кеңешинин төрагасы | С.Калыбаев |