Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин (VII –шайланган) кезексиз тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 26- майы № 9.2
“Юг –Эко-Хант” жоопкерчилиги чектелген коомуна Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Токтош участкасынан жер бөлүп берүү жөнүндө
“Юг –Эко-Хант” ЖЧК нун директору Б.С.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,Капчыгай айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Токтош участкасынан “Юг –Эко-Хант” жоопкерчилиги чектелген коомуна 5 жылдык мөөнөт менен 2 гектар жер бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу жагы “Юг –Эко-Хант” ЖЧК нун директору Б.С.Сыдыковго жана айыл өкмөт башчысы А.Арзи уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына (Б.Азимбаевге) жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык кеңешинин төрагасы | С.Калыбаев |