Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин (VII –шайланган) кезексиз онунчу сессиясы
2022-жылдын 15- июну № 11
Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 01.06.2022-жылдагы № 11-670-22 “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө” сунуштаманы кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө ” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык ,жергиликтүү кеңештин депутатынын кызмат оду –саясий муниципалдык кызмат орду болуп эсептелинет,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылды 31-январындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” ПЖ 17 сандуу Жарлыгынын 3-главасында, жергиликтүү кеңештин төрагасынын,төраганын орун басарынын жана депутаттын кызматы –саясий кызмат орундарына кирет деп белгиленгендиги түшүндүрүлөт.
Аталган берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда бирдиктүү салык декларациясын Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке жак түзүүгө жана берүүгө милдеттүү деп көрсөтүлгөн. Ал эми ушул эле берененин 3-бөлүмүндөгү,1-пунктунда бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча аталган берененин 2-бөлүгүнүн талаптары Салык кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жакка карата колдонулаары белгиленген.
Ошондой эле,жогорудагы берененин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык бирдиктүү салык декларациясы календардык жыл үчүн түзүлөт жана жеке тарабынан отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет –деп көрсөтүлгөн. Отчеттук жыл болуп 1-январдан 31-декабрга чейинки иезгил эсептелинет.
Ал эми,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аталган берененин күчү төмөнкүдөй жеке жактарга колдонулат:
1) Саясий,атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга;
2) Административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга;
3) Мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын ,жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын жана угуучуларын кошпогондо ,укук коргоо органдарынын,дипломатиялык кызматтардын кызматкерине жана аскер кызматчысына;
4) Саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамга;
5) Улуттук банктын төрагасына жана анын орун басарына колдонулаарын баса белгилеп айтып өттү.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин,чыгымдарын,милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын айылдык Кенештин депутаттары тарабынан аткарылышын камсыз кылуу жана мындан ары бузулушуна жол бербөө,депутаттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагын баса белгиленип айтылды.
Ал эми Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 1-июнундагы 11-670-22 сандуу сунушун караган учурда Капчыгай айылдык кеңешинин мурунку жана азыркы депутаттары Б.Азимбаев,А.Капарова, А.Асыранова,Т.Жороев,И.БЮазиев ,Б.Оморова,Б.Үркүнбаева,Д.Ибраимов,П.Сайдилкаова,М.Карасартов, К.Кебеков, А.Самиев, Ш.Байдыев,С.Алмашов,Э.Асырановдор киреше, чыгаша жана мүлкү жөнүндө декларацияларын кечиктирип тапшырбагандыгы белгилүү болгон.
Жогорудагы Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 01.06.2022-жылдагы № 11-670-22-сандуу “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө” сунуштаманы угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин чыгымдарын милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткарууну айылдык кеңештин депутаттарыАзимбаев,А.Капарова,А.Асыранова,Т.Жороев,И.Базиев,Б.Оморова,Б.Үркүнбаева,Д.Ибраимов,П.Сайдилкаова,М.Карасартов,К.Кебеков,А.Самиев,Ш.Байдыев, С.Алмашов, Э.Асырановдорго эскертилсин.
2. Өзүнүн жана жакын туугандарына менчик укугунда таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарын декларацияда толук көрсөтүү жана өз мөнөтүндө тапшыруу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына ( декларантка ) жүктөлсүн.
Төрага | С.Калыбаев |