Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин (VII –шайланган) кезексиз 8 сессиясы
2022-жылдын 29- марты № 8.1
КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” Жобону бекитүү жөнүндө
КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” Жобону иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын төрагасы , Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” Жобо бекитилсин жана аткарууга алынсын. (тиркеме тиркелет)
2. Жободо белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбекке, айылдын имамдарына жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн МАЫУУларына тапшырылсын.
3. Ар бир айылдар боюнча жыйындарды өткөрүү менен кабыл алынган эрежелерди айыл тургундарына жеткирип жеринде түзүлгөн комиссиялар менен иш алып баруу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрайымы А.Асырановага) тапшырылсын.
Капчыгай айылдык кеңешинин төрагасы | С.Калыбаев |
| Капчыгай айылдык кеңешинин 29.03.2022-жылдагы № 8.1 токтомуна тиркеме |
Капчыгай айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттары менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Капчыгай айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттары менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 Жарлыгына;
- Капчыгай айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
2. Жобонун максаты жана милдеттери
3.Ушул Жобонун максаты жарандардын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирген ашыкча чыгымга жана ысырапкерчилике жол бербөө чараларын белгилөө болуп саналат.
4. Ушул Жобонун милдеттери үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле калк арасында алардын маңызын жана маанисин туура түшүнүүнү калыптандыруу болуп саналат.
3. Жобону ишке ашырууну контролдоо боюнча комиссия
5. Ушул Жобону ишке ашыруу үчүн Капчыгай айыл өкмөтүнүн алдында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча туруктуу комиссия түзүлөт.
6. Комиссиянын курамы:
- комиссиянын жетекчиси- Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы;
- комиссиянын катчысы- Капчыгай айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси;
- комиссиянын мүчөлөрү-Капчыгай айылдык Кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн айылдарынын айыл башчылары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү.
7. Комиссиянын курамы жана саны ушул Жобо эске алынып Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу менен Капчыгай айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
8. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп комиссиянын отуруму саналат. Эгерде комиссиянын отурумуна комиссия мүчөлөрүнүн жарымы катышса отурумду өткөрүүгө укуктуу деп эсептелинет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделип, отурумга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды делип эсептелинет.
9. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- ушул Жобонун талаптарына ылайык үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүгө көзөмөл жүргүзөт;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү, тартипке келтирүү маселелери боюнча Капчыгай айыл өкмөтүнүн коомдук уюмдар жана жеке жактар менен иш алып баруусунун натыйжалуулугун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчилике жол бербөө боюнча калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин уюштурат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтат;
- Капчыгай айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактардан ушул Жобонун аткарылышын талап кылат.
4. Ушул Жободогу негизги түшүнүктөр
10.Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары:
- өлгөн адамдын сөөгүн коюуга жана аны эскерүүгө байланышкан үрп-адаттардын жыйындысы;
11. Үй-бүлөөлүк салтанаттар:
- үйлөнүү тойлору, акыйка (жентек), ж.б.
5. Үйлөнүү-үлпөт, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттар.
12. Үйлөнүү үлпөт тойлордо ысырапкерчиликке жол берилбесин, 1 баш бодо малдан ашык союлбасын жана 3 автоунаадан ашык чыгарылбасын, чакырылган адамдын саны 300 дөн ашпоого тийиш.
13. Бешик той, ажы той, юбилейлер үй бүлөлүк майрам катары белгиленип жакын туугандарынын катышуусу менен адам санын 50 дөн ашырбай өткөрүлсүн, кудаа тосууда жана узатууда жылкы союуга тыйуу салынып 2 кой союу менен чектелсин.
14. Сөөк коюуда, үйлөнүү үлпөт тойлорун жана башка иш чараларды өткөрүүдө жарандар Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашып өткөрүшсүн.
6. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумду эскерүү иш-чаралары
15. Сөөк коюуда маркум менен коштошууга, азага келүүчүлөрдүн жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.
16. Маркумду акыркы сапарга узатуу ар бир айылдын улуттук диндик өзгөчөлүктөрү эске алынып, ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.
- Маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу маркумдун урук туугандарына, куда сөөктөрүнө, карым-катнаш адамдарына кабарлоо, аларды тосууну, жайгаштырууну, кайра узатууну уюштуруу, сөөктү коюу күнүн убактысын белгилөө жана маркумдун жайын каздыруу жагы айыл аксакалдар кенешинин жетекчиси, айыл башчысы, имам, жамаат башчынын жетекчилиги аркылуу аныкталып уюштурулат.
17. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымдары чектелип, аза күтүп жаткан үй ээсинин социалдык абалы түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталып эки баш кой же бир баш бодо союууга уруксат берилет.
- Аза күтүлүп жаткан жайда союш союп, сый дасторконду уюштуруп, тамактанууга уруксат берилбейт.
18. Өзү жашаган калктуу конушка келип, ата-энесине, бир туугандарына куран окутууда бир баш койдон ашыкча жандык союуга тыюу салынат.
19. Сөөк коюуда жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди колдонуу, мас абалда келүү Улуттук менталитетке туура келбеген уяттуу жоруктарга тыюу салынсын.
20. Сөөк коюуда, жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк, кийгизүү ж.б.у.с.), маркум өткөн жерде жыртыш айрууга, майда барат буюмдарды (самын, жип, чай, чыны, табак, дасторкон берүүгө, уруу-урууга акча берүүгө) таратууга тыюу салынып, айылдардын мечиттерине ошол берүүчү адамдын өз калоосу менен берилсин.
- Маркумдун сөөгүн жуугандарга шарият жолу менен үй ээсинин ыраазычылыгы берилип, уюштуруу иштерине бекитилген гана адамдар катышат.
21. Аза күткөн, кайгыга кабылган, жакырланган жетим-жесир абалдагы муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерин уюштурууга, акча каражат, азык-оокат жагынан жардамдарды берүүгө уруксат берилет.
22. Каражат жагынан колдоо көрсөтүүгө чек коюлбайт.
23. Сөөк коюудан кийинки маркумдун үчүлүк, пайшамбалик, кырктык, жылдык, айттык деп аш берүү маркумду эскерип тамак-аш берүү эскерүү ырым-жырымдары себет жана чай ичирүү, кой алып барып сойдуруп өздөрү жегенге тыюу салынып маркумдун жылдыгын бир баш кой менен тууган уруктар ортосунда өткөрүүгө уруксат берилсин.
24. Орозо айт күндөрү үй-бүлөсү, жакын туугандары менен куран окуп бата кылынат.
Улак берүүдө
25. Мектеп жашындагы балдардын улак чыгаруусуна тыюу салынсын.
26. улак берип чоң маараке өткөргөндөр комиссиянын чектөөсүнө баш ийүү шарт;
27. сорундун берилишин макулдашуу жорлу менен алдыңкы сорундун бирин жардамга муктаж үй бүлөөгө ыйгаруу жагы каралсын;
7. Ушул Жобону аткаруу боюнча жеке жана юридикалык жактардын милдеттери
28. Жеке жана юридикалык жактар үйлөнүү-үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүүгө байланышкан иш-чараларды түзүлгөн комиссияны милдеттүү түрдө кабарлоо, ушул Жобонун талаптарын сактоо менен өткөрүүгө милдеттүү.
29. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобонун талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте жоопкерчилике тартылат.
8. Корутунду Жобо
30.Ушул Жобого өзгөртүү, толуктоолор Капчыгай айылдык кеңеши тарабынан киргизилет.
Капчыгай айылдык кеңешинин төрагасы | С.Калыбаев |