Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/2
Гүлчө айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планынын II-кварталына карата коюлган Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык балдар бакчаларында балдарга ыссык тамак-аштын жана билим берүүчү мектептерде чашке тамагынын берилишинин абалы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдыкапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планынын II-кварталына карата коюлган Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык балдар бакчаларында балдарга ыссык тамак-аштын жана билим берүүчү мектептерде чашке тамагынын берилишинин абалы эске алынсын.
2. Туруктуу комиссиянын кабыл алган токтомунун негизинде иш алынып барылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар , жаштар,үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |