Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/3
Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алымбек датка эс алуу жайынын аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик –жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамынын негизинде балдар үчүн ойноочу борбор куруу үчүн 0,23га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Кахаровдун билдирүүсүн угуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик –жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын » 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган Алымбек датка сейил багынын ичине курула турган балдар ойноочу борбор куруу үчүн аянты 0,23га болгон жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Жеке ишкер тарабынан курулган имарат келишимдин негизинде убактылуу жыйырма жылга пайдаланууга ижарага берилсин.
3. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
4. Юридикалык документти даярдап берүү «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.
6. Бул токтомдун мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы Агрардык жана жер реформасы жөнүндөгү маселелер,муниципалдык менчик, коммуникация, жол боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |