Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/4
Гүлчө айылынын тургуну Жоомарт уулу Абдумуталибдин арызынын негизинде Алымбек датка эс алуу багынан убактылуу ижарагаьжер берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Кахаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Алымбек датка эс алуу багынан келишимдин негизинде Жоомарт уулу Абдумуталибке убактылуу эки жылга ижарага 12,00 чарчы метр жер тилкеси берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документти даярдап берүү «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |