Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/5
Гүлчө айылынын Абдиев көчөсүнүн тургуну Абдиев Бекали Жумабаевичтин арызы боюнча Нарматов көчөсүндө жайгашкан анты 70,0 чарчы метр болгон жер тилкесин айыл өкмөтүнүн 31.07.2003-жылдын №158 Токтому менен 25.05.2018-жылдын №41 Токтомунун келишиминин негизинде эки жолу ижарага алган жерди эске алуу менен архитектуралык чийменин негизинде 160,0чарчы метр жер тилкесин түз сатык менен аукционго саттыртып коюу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Кахаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Нарматов көчөсүндө жайгашкан анты 70,0 чарчы метр болгон жер тилкесин айыл өкмөтүнүн 31.07.2003-жылдын №158 Токтому менен 25.05.2018-жылдын №41 Токтомунун келишиминин негизинде эки жолу ижарага алган жерди эске алуу менен архитектуралык чийменин негизинде 160,0чарчы метр жер тилкесин түз сатык жолу менен аукционго коюлсун.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Кахаровго милдеттендирилсин
3. Юридикалык документти даярдап берүү «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |