Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/6
Гүлчө айылынын тургуну Ибраимов Шарабидин Мажитовичтин арызынын негизинде Курманжан датка паркынын ичинен ижарага алган жер участогунун ижара мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу кайрадан ижара мөөнөтүн узартып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Кахаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын тургуну Ибраимов Шарабидин Мажитовичтин Курманжан датка сейил багынын ичинен ижарага алган жер участогуна ижара мөөнөтү узартылбасын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы С.Исаевге милденттендирилсин..
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |