Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/8
Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алымбек датка эс алуу жайынын территориясына курулуш курула турган жеринде өсүүсү жетилип турган 3 (үч) теректи жана Нарматов көчөсүндөгү оңдолуп жаткан жолдун жээгиндеги коюлуп жаткан атайын суунун ноосунун ордунда жалгыз түп мажүрүм талды кыюу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Кахаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алымбек датка эс алуу жайынын территориясына балдар ойноочу борбор куруу үчүн тоскоолдук жараткан үч терек жана Нарматов көчөсүндөгү бир туп мажурум тал кыйдырылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Тазалык» ишканасынын башчысы Сартбаев Акимбекке милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |