Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/10
Гулчө айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 17-отуруму 2018-жылдын 26-апрелиндеги №17/1 Токтомун жокко чыгаруу жана Жылуу-Суу айылындагы Ак-Төр жайлоосунун кире бериш жериндеги жеңил жана оор автомашиналар үчүн шлагбаум коюп,тарифин аныктап берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Ниязбеков Гулжигиттин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 17-отуруму 2018-жылдын 26-апрелиндеги №17/1 Токтому жокко чыгарылсын.
2. Жылуу-Суу айылындагы Ак-Төр жайлоосунун кире бериш жерине шлагбаум орнотулуп, төмөндөгүдөй тариф белгиленсин.
а). Жеңил автомашиналар үчүн кирүү акысы -50сом
б). Оор автомашиналар үчүн (спринтер,портер ж.б) кирүү акысы – 150сом.
3. Юридикалык иш-кагаздарын даярдап берүү (дүмүрчөк квитанция) Алай райондук салык инспекциясынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөт башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |