Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/11
Гүлчө айылдык кеңешинин жер жана агрардык комитетинин 12.06.2022-жылдагы Гүлчө айылынын Бөкөев көчөсүндө жайгашкан №51,53,55,57- жана Нарматов көчөсүндөгү мурдагы №43 –көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жерге балдар ойноочу аянтча куруу үчүн жер тилкесин бөлдүртүп берүү боюнча түзүлгөн №1-протоколу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айылдык кеңешинин жер жана агрардык комитетинин 12.06.2022-жылдагы №1 протоколун карап чыгып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын» 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин жер жана агрардык комитетинин 12.06.2022-жылдагы Гүлчө айылынын Бөкөев көчөсүндө жайгашкан №51,53,55,57 - жана Нарматов көчөсүндөгү мурдагы №43 – көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы бош жаткан жер тилкесинен балдар ойноочу аянтча куруу үчүн 800,0 чарчы метр болгон жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Балдар ойноочу аянтча куруу үчүн акча каражатын бөлдүртүп берүү боюнча Алай райондук өнүктүрүү фондусуна проектилерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Юридикалык документин даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |