Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/12
2022-жылдын 1-январына карата Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүүдө Жылуу-Суу айылындагы балдар бакчасын ачуу үчүн 1 600,0 миң сом бөлүнгөн акча каражатынан калган 540,0миң сомду балдар бакчаны 31-11 беренесинин (капиталдык оңдоо) элементине жылдырып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылуу-Суу айылындагы балдар бакчасын ачуу үчүн 1 600,0 миң сом бөлүнгөн акча каражатынан калган 540,0миң сомду балдар бакчанын 31-11 беренесинин (капиталдык оңдоо) элементине жылдырылып берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы С.Исаевге жана финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу бюджет жана экономика туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |