Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14 – отуруму
2022-жылдын 22- июлу № 14/14
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын 2022-жылдын 24-июнундагы №18/25496 катына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ар бир райондук мамлекеттик администрацияларга аянты 0,80га жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу үчүн ажыратып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө мыйзамынын» 4, 31-беренесине жана 34-беренесинин 4-пунктуна , КРнын « Муниципалдык менчик жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14, 25- беренелеринин 2-пунктуна ылайык Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Гүлчө айылдык кеңеши мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мөөнөтсүз пайдалануу үчүн аянты 0,80га жер тилкесин көп батирлүү турак жайды куруу үчүн Гүлчө айылынын Кырк-Күңгөй участогунун этегинде жайгашкан аянты 0,80га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер тилкесин багыты өзгөртүлбөсүн жана максаттуу пайдалансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына тиешелүү керектүү болгон иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Кахаровго милдеттендирилсин.
4. Юридикалык документти даярдап берүү Архитектура жана шаар куруу башкармалыгына , “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
5. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы С.Исаевга милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т. Исмаилов. |