Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/2
Кара-Кулжа айылынын К.Каратаев атындагы көчөдө жайгашкан А.Каримов атындагы бала бакчада тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4 “Жергиликтуу салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын “18” - апрель 2022-жылдагы № 2 “Кара-Кулжа айылынын К.Каратаев атындагы көчөдө жайгашкан А.Каримов атындагы бала бакчада тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүн бекитүү боюнча 03- март 2022-жылдагы № 1 ата-энелер жыйынынын чечимин бекитүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. А.Каримов атындагы бала бакчада тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүн 600 (алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |