Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/3
1-Май айылындагы Туюк атындагы көчөгө (маркум) Өзгөнбаев Бегимбай Бөжөевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 18.04. 2022-жылдагы № 2 “1-Май айылында жайгашкан Туюк көчөнүн тургундарынын элдик жыйынын 31.01.2022-жылдагы № 1 “1-Май айылындагы Туюк атындагы көчөгө (маркум) Өзгөнбаев Бегимбай Бөжөевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” чечимин карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. 1-Май айылында жайгашкан Туюк көчөнүн тургундарынын элдик жыйынын 31.01.2022-жылдагы № 1 “1-Май айылындагы Туюк атындагы көчөгө (маркум) Өзгөнбаев Бегимбай Бөжөевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2. 1-Май айылындагы Туюк атындагы көчөгө (маркум) Өзгөнбаев Бегимбай Бөжөевичтин ысмын ыйгарылсын.
3. 1-Май айылындагы (маркум) Өзгөнбаев Бегимбай Бөжөевич атындагы көчөгө демөөрчүлүк көрсөтүү, жолдун шарттарын жакшыртуу жагы Өзгөнбаев Бакытка жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |