Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/4
Айыл өкмөтүнүн балансасындагы баардык техникаларды сатууга уруксат бербөө, Палесса комбайндын, УТО –904 маркасындагы трактордун ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жана ХОВО оор жүк ташуучу автоунанын айдоочусунун эмгек акысын белгилөө жөнүндө
Айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 18.04. 2022-жылдагы № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Айыл өкмөтүнүн балансасындагы баардык техникаларды сатууга уруксат берилбесин.
2. Үстүбүздөгү жылга карата Палесса комбайндын ижара акысы 400.000 сом, УТО -904 маркасындагы трактордун ижара акысы 250.000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. ХОВО оор жүк ташуучу автоунанын айдоочусунун штаттык бирдигин жана эмгек акысын чечип берүү жагы Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |