Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/5
“Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 24.02.2022-жылдагы ПЖ № 54 “Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын жетекчиликке алып, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 18.04. 2022-жылдагы № 2 протоколдук чечимин жана айыл өкмөтү иштеп чыккан жобосун бекитүү жөнүндөгү 28-март 2022-жылдагы № 1-3 / 97 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 28-март 2022-жылдагы № 1-3 / 97 “Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар боюнча” жобосун бекитүү жөнүндөгү өтүнүч каты эске алынсын.
2. “Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жобосу өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (жобо тиркелет).
3. “Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жобону аткарууну камсыздоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү жааматтарга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага, туруктуу комиссиялардын төрагалары М.Аматовго, М.Жуманазаровага, А.Камчыбековго жана К.Жалаловго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |
| Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 26.04.2022-жылдагы № 8 / 5 токтому менен бекитилди |
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп -адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө ЖОБО
1. Никеге кыюу аземин жана үйлөнүү жана кыз узатуу тойлорун өткөрүү
1.1. Үйлөнүү тою өз ыктыяры менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 350 адамга чейинки “Банкеттик кече “ же конок тосуу менен “Салтанатуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Элге той берүүдө бир баш жылкы союлуп ,чакырылган коноктор гана келип катышып кетишет. Мисалы :себет тартылбайт,тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат .
1.2. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш -чараларда (каада-салттарда ) эки жаштын ата -энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлөт. Кудалашуудан баштап ,тойго байланышкан бардык иш-чараларда эки тараптын туугандарына ,конокторуна ,сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет
1.3. Тойдон кийинки салттык отко киргизүү ,кыз көрдү,төркүлөтүү, ж.б.у.сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 15 тен ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт. Бир кой гана союлуга уруксат берилет.
1.4. Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан төшөнчүлөр,килемдер азайтылып, турмуш тирикчиликке зарыл болгон гана буюмдар берилет.
1.5. Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу зарыл.
1.6. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында (ЗАГС) никени мамлекеттик каттоодон өтүү салтанатында 3 (үч) төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.
1.7. Кызга калын берүү эки тараптын макулдашуусу ишке ашырылат калың 100.000 сомдон ашпасын.
1.8. Тойлор жана ырым -жырымдар дем алыш күндөрү саат 10.00дөн 23.00гөчейин, ал эми жумуш күндөрү 18.00дөн 23.00гө мезгилде ичимдиксиз өткөрүү сунушталсын.
1.9. Эки жашка молдо тарабынан нике кыюга мамлекеттик каттодон (нике күбөлүгүн алгандан кийин ) өткөндөн кийин гана уруксат берилет
2. Сөөк коюга, аза күтүүгө байланыштуу ырым -жырымдар, жанга сооптуу кайыр садага, аш -түлөө берүүнүн салттык тартиптери
2.1. Сөөк коюда маркум менен коштошууга , азага келүүчүлөрдүн , жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт тажияга дебестен жаназанын намазына деп чакыруу
2.2. Маркумду акыркы сапарга узатуу, ушул жобонун негизинде жургузулөт. Маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу маркумдун урук туугандарына , куда сөөктөрүнө, карым -канташ адамдарына кабарлоо, аларды тосууну, жайгаштыруу, кайра узатууну уюштуруу, сөөктү кою күнүн убактысын белгилөө жана маркумдун жайын каздыруу жагы айыл аксакалдар кенеши, айыл башчысы ,имам ,көчө камитети аркылуу аныкталып уюштурулат. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым -жырымы болуп жатканда 2 (эки) кой же 1 (бир) бодо мал союга уруксат берилет. Аза жайда ашыкча жандык-союш союп, сый дасторкондорду уюштурууга уруксат берилбейт .
2.3. Өзү жашаган калктуу конушка келип ,ата -энесине ,бир туугандарына куран окутууда 1 (бир) койдон ашыкча жандык союга тыюу салынат.
2.4. Сөөк коюда жаназа күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди колдонуу,мас абалда келүү, Улуттук менталитетке туура келбеген уяттуу жорук катары эсептелсин.
2.5. Сөөк коюда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим ,чепкен ,көйнөк кийгизүүж.б.у.с.) маркум өткөн жерде жыртыш айрууга ,майда барат буюмдарды (самын,жип,чай,чыны,табак,дасторкон берүүгө) таратууга тыюу салынат. Маркумдук сөөгүн жуугандарга баш сарпай аяк берүү токтотулат. Уюштуруу иштерине жакын туугандары, балдары катышат.
2.6. Аза куткөн,кайгыга кабылган ,жакырланган жетим -жесир абалдагы муктаж үй-бүлөөлоргө кайрымдуулук иштерин уюштурууга ,акча каражат,азык -оокат жагынан жардамдарды берүүгө уруксат берилет.Каражат жагынан колдо көрсөтүүгө чек коюлбайт.
2.7. Сөөк коюудан кийинки маркумдун үчтүк,бейшембилик , жетилик, кырктык ,жылдык, айттык деп аш берүү маркумду эскерүү ырым -жырымдары тамак аш берүү маркумга куран окутуу тыйуу салынат.Себет жана чай ичирүү,кой алып барып сойдуруп өздөрү жегенге тыюу салынат. Орозо айт күндөрү үй-бүлөөсү, жакын туугандары менен куран окуп бата кылынат .
2.8. Жаназа түшүргөнгө молдолордун акча алуусу динге каршы келген жорук катары бааланып ,калк арасында терс мүнөздөгү көрүнүш катары бааланып ,калк арасында терс мүнөздөгү көрүнүш катары эсептелинет .Жободо уруксат берилбеген ашыкча ысырапкерчиликтер үчүн куран окуган имамга чара көрүү сунуш кылынат.
3. Туулган күндү белгилөө
3.1.Туулган күндү белгилөө жеке адамдын өз үй-бүлөсүндө өткөрүлөт. Эмгек жааматта туулган кун өткөрүү, кечелерди уюштуруу, спиртик ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат.
4. Ар түрдүү башка тойлорду өткөрүү
4.1.Сүннөт той бир күндө өткөрүлөт, майда жандык союлуп жакын туугандарынын катышуусунда гана өткөрүлөт.
4.2.Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз ,үй-бүлөлүк майрам катары белгиленет.
4.3.Ажыдан жана Умрадан зыярат кылып келген жарандар менен учурашып, элдик тойго айландыруу жокко чыгарылат.
Жободо көрсөтүлгөн чектөөлөрдү бузган жергиликтүү жааматтардын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышыат.