Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/6
Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жана “Достук” паркынын жер аянттарынын ижара акысынын баштапкы (старттык) баасынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын отурумунун “20 ” - апрель 2022-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жер аянттарынын ижара акысынын баштапкы (старттык) баасы 1.0 га сугат жер аянтына 4.500 сом жана 1.0 га кайрак жер аянтына 2.700 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Достук” паркынын жер аянттынын ижара акысынын баштапкы (старттык) баасы 14.200 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго жүктөлсүн
Төрага: | А.Бөрүбаев |