Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/8
“Шадай” Сууну пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА нын) айыл-айылдардагы иррагациялык курулмаларын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын отурумунун “20 ” - апрель 2022-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. “Шадай” Сууну пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА нын) айыл-айылдардагы иррагациялык курулмалары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн.
2. Айыл өкмөтүндөгү ички каналдар, ички арыктар “Шадай” Сууну пайдалануучулар ассоциациясына (СПАга) пайдаланууга калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго жүктөлсүн
Төрага: | А.Бөрүбаев |