Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/9
Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Сары-Камыш айылынын батыш тарабындагы Кырк-Күнгөй учаскасынан түшкөн селден жараксыз абалдагы ички каналды тазалап каздыруу иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлиги тарабынан күйүүчү майдан (солярка) бөлүп берүүнү өтүнүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Айыл тургундардын кылкандуу дан эгин айдоо жерлерин жана үлүш жер аянттарын үзгүлтүксүз агын-суу менен камсыздоого Сары-Камыш айылынын батыш тарабындагы Кырк-Күнгөй учаскасынан түшкөн селден жараксыз абалдагы ички каналды тазалап каздыруу иштери үчүн 500 (беш жүз) литр күйүүчү майдан (солярка) жардам берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлигинен суралсын.
2. Селден жараксыз абалдагы Кара-Кулжа айылындагы Жонболот, Күнгөй ички чарбалык жолду жана 1-Май айылындагы Секелек, Жаргылчак, Ак-Коктү, Тескей жана Малажар ички чарбалык жолдорду тазалап сүрдүрүү үчүн 800 (сегиз жүз) литр күйүүчү майдан (солярка) жардам берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго жүктөлсүн
Төрага: | А.Бөрүбаев |