Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/10
Кара-Кулжа айылындагы А.Юсупов көчөсүндө жайгашкан комплекстин ПСД сын даярдаган ОсОО АРХТ ишканасына автордук надзорлугу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 21 - апрель 2022-жылдагы № 2 “Кара-Кулжа айылындагы А.Юсупов көчөсүндө жайгашкан комплекстин автордук надзорлугу үчүн 191.776 мин сом бөлүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджети кошумча түшкөн подоход салыгынын эсебинен киреше жана чыгаша бөлүгү 191.776 (бир жүз токсон бир мин жети жүз жетимиш алты) сомго көбөйтүлсүн, экономика маселесинин 2215 статьиясынан Кара-Кулжа айылындагы А.Юсупов көчөсүндө жайгашкан комплекстин ПСДсын даярдаган ОсОО АРХТ ишканасына автордук надзорлугу үчүн 191.776 (бир жүз токсон бир мин жети жүз жетимиш алты) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн
Төрага: | А.Бөрүбаев |