Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/11
Сары-Камыш айылындагы бала бакчанын жер аянтына көп функционалдуу борбор жана кыска мөөнөттү бала бакча курууга уруксат берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын отурумунун “20 ” - апрель 2022-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Сары-Камыш айылындагы идентификациялык номери 5-03-05-1004-0234 менен катталган бала бакчага бөлүнүп берилген жер аянтынан 0.1 га ( 10 сотых) жер тилкеси көп функционалдуу борбор жана кыска мөөнөттү бала бакча курууга бөлүнүп берилсин.
2. Көп функционалдуу борбор жана кыска мөөнөттү бала бакча курууга бөлүнгөн жер аянтынын документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго жүктөлсүн
Төрага: | А.Бөрүбаев |