Загрузка документа…
КАРА – КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 26- апрели № 8/12
Кара-Кулжа айылындагы А.Каримов атындагы бала бакчасынын жер аянтына көп функционалдуу борбор жана кыска мөөнөттү бала бакча курууга уруксат берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын отурумунун 20 - апрель 2022-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылындагы идентификациялык номери 5-03-05-1001- 1753 менен катталган А.Каримов атындагы бала бакчасынын чыгыш түндүк тарабынан 800 чарчы метр жер тилкесине көп функционалдуу борбор жана кыска мөөнөттү бала бакча курууга уруксат берилсин.
2. Көп функционалдуу борбор жана кыска мөөнөттү бала бакча курууга бөлүнгөн жер аянтынын документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго жүктөлсүн
Төрага: | А.Бөрүбаев |