Редакцияот 17.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 17-марты № 62-28

Жобону жана эрежелерди бекитүү жөнүндө

Аламүдүн айыл аймагында жобонун жана эрежелердин долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Төмөнкү жобо жана эрежелер бекитилсин:

 

- Ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартиби жөнүндө жобо;

 

- Аламүдүн айыл аймагында расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелери;

 

- Аламүдүн айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга чектөөлөрдү белгилөө эрежелери.

 

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.

 

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.П. Филимоненко