Загрузка документа…
| Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-мартында № 62-28 токтому менен бекитилген |
Аламүдүн айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди
жана тамеки буюмдарын сатууга чектөөлөрдү белгилөө
ЭРЕЖЕЛЕРИ
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 12-пунктуна ылайык иштелип чыкты жана Аламүдүн айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга чектөөлөрдү белгилөө тартибин аныктайт.
алкоголдук ичимдиктер - азыктык чийки заттан жасалган этил спиртин жана (же) спирттүү азыктык продукцияны пайдаланып жасалган, этил спиртинин өлчөмү даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан ашкан азыктык продукция;
тамеки буюмдары - чегүү, соруу, чайноо же жыттоо үчүн толугу менен же жарым - жартылай тамеки жалбырагынан жасалган буюмдар (чыпкалуу сигареттер, чыпкасыз сигареттер, папиростор, сигарлар, сигариллалар, трубкага салчу тамеки, чеге турган тамекилер, махорка-ирик тамекилер жана насвай).
II. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын
сатууга чектөөлөрдү белгилөөнүн максаты
2. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга чектөөлөрдү белгилөө төмөнкү максатта ишке ашырылат:
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууда жана керектөөдө жарандардын ден соолугун алардын зыяндуу таасиринен коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу;
- калктын алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын керектөөсүн төмөндөтүүгө таасир эткен шарттарды түзүү;
- калктын аялуу катмарын: жашы жете элек балдарды, жаштарды, балалуу үй-бүлөлөрдү, көз карандылыктан жабыркаган адамдарды жана алкоголдук ичимдиктерге ашкере берилген адамдарды ж.б. алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын зыяндуу таасиринен коргоо.
III. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын
сатууга чектөөлөрдү белгилөө тартиби
3. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө чечимди Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Башчысынын сунушу боюнча Аламүдүн айылдык кеңеши кабыл алат.
4. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга тыюу салууга чейинки чектөөлөр сатылган жери боюнча киргизилиши мүмкүн:
- конкреттүү калктуу пунктта;
- конкреттүү бир көчөдө/кварталда;
- конкреттүү бир объектиде.
5. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга чектөөлөр сатуу убактысы боюнча киргизилиши мүмкүн.
6. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга чектөөлөр төмөнкүлөрдүн өтүнүчү боюнча ишке ашырылат:
- Аламүдүн айылдык кеңешинин депутатынын;
- Аламүдүн айыл аймагынын Башчысынын;
- коомдук бирикмелердин;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин;
- эмгек жамааттарынын;
- айыл башчысынын;
- аксакалдар сотунун;
- Аламүдүн айыл аймагында жашаган жери боюнча каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын.
7. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга чектөөлөр белгилүү бир мөөнөткө же мөөнөтү көрсөтүлбөй киргизилет.
IV. Корутунду жобо
8. Ушул Эрежелер, Эрежелерге өзгөртүүлөр, толуктоолор Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.