Редакцияот 17.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 17-марты № 65-28

Муниципалитеттер аралык кызматташуу келишими жөнүндө

Аламүдүн жана Ленин айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы муниципалитеттер аралык кызматташуу келишиминин долбоорун карап жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Аламүдүн жана Ленин айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы муниципалитеттер аралык кызматташуу келишими тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.

 

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.П. Филимоненко