Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 28/9-5
Токмок ш. КИКнын курамынан КТТды чогултуу жана чыгаруу участогун бөлүп чыгаруу жолу аркылуу кайра уюштурууга жана анын базасында “Токмок Тазалык” МИсын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэри У.О. Самаевдин 2022-жылдын 21-январындагы кириш №02-17/3 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2022-жылдын 25-январындагы №6 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. КИКнын курамынан катуу тиричилик таштандыларды чогултуу жана чыгаруу участогун бөлүп чыгаруу жолу аркылуу кайра уюштурууга жана анын базасында “Токмок Тазалык” МИсын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаарынын мэриясы (У.О. Самаев) Токмок ш. КИКнын кайра уюштурууга жана “Токмок Тазалык” МИсын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык түзүүнү жүргүзсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |