Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 1 - августу № 6/1
Кара-Суу шаарындагы №66 В.И.Ленин мектебине электрондук каттоодо кичи аймагы жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын 2022–жылдын 28-июлундагы отурумунун №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардагы №66 В.И.Ленин атындагы орто мектеби шаардагы жалгыз орус тилдүү орто мектеби болгондугуна байланыштуу электрондук каттоого алууда кичи аймагына карабай шаарда жашаган жалпы жарандарга жеткиликтүү болсун.
2. 2023-2024-окуу жылына карата электрондук кабыл алуу башталганга чейин базага өзгөртүү киргизүү боюнча мэрия, В.И.Ленин мектебинин жетекчилиги менен биргеликте тийиштүү тараптар менен мыйзам чегинде иштерди алып барсын .
3. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
А.О.Назаров |