Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 1 - августу № 6/2
“Кара-Суу тазалык” муниципалдык ишканасынын Кара-Суу шаарында акыр-чикирлерди ташуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Кара-Суу тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 13-июлундагы чыгыш №34 сандуукатын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарында калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифи:
- жеке турак үйлөрдө туруктуу же убактылуу жашаган калктын катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу - бир адамга 30 сом;
- көп кабаттуу үйлөрдө туруктуу же убактылуу жашаган калктын катуу тиричилик калдыктарын жана суюк калдыктарын чыгаруу - бир адамга 35 сом;
- шаарда жашаган башка мамлекеттин жарандарына - бир адамга 90 сом;
- коммерциялык түйүндөр үчүн ээлеген аянттарына карап 50м² чейинкилерге 30 сом, 50м² жогору болгон учурда 40 сомдон бекитилсин.
2. Токтом 2002-жылдын 1-августунан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
А.О.Назаров |