Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 1 - августу № 6/3
“Кара-Суу шаарынын резервдик фонду жөнүндө”
“Кара-Суу шаарынын резервдик фонду жөнүндө” Жобону угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын резервдик фонду жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
А.О.Назаров |
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 1-августундагы VI сессиясынын №6/3 токтому менен бекитилди |
“Кара-Суу шаарынын резервдик фонду жөнүндө”
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1.1 Ушул жобо Кара-Суу шаарынын мэриясынын резервдик фонддун (мындан ары-резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана каржылоо тартибин аныктайт.
1.2 Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 21-статьясына ылайык түзүлөт.
1.3 Резервдик фонддун каражаттары тийиштүү финансылык жылга карата Кара-Суу шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленген.
II-глава. Резервдик фондду түзүү тартиби
2.1 Резервдик фонд шаардык бюджеттин чыгымдарынын курамында түзүлөт.
2.2 Резервдик фонддун көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кара-Суу шаардык кеңеши тарабынан кезектеги финансылык жылга Кара-Суу шаарынын бюджетин бекитүүдө белгиленет.
III-глава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоонун багыттары
3.1 Резервдик фонддон каражаттар бул жобо тарабынан каралган максаттуу багытка ылайык чыгымдалат.
3.2 Резервдик фонддон каражаттар жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган шаарда өткөрүлүүчү экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларды күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинде:
а) расмий күндөргө арналган майрам күндөрүндөгү расмий иш-чараларды өткөрүү;
б) расмий кабыл алууларды, жолугушууларды, семинарларды жана башка жалпы шаардык маанидеги иш-чараларды өткөрүү;
в) шаардын аймагында турган социалдык-маданий жана административдик обьекттердин материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын ремонттоого жана жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүү;
г) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон жана табият кырсыктарынын натыйжасында жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү;
д) Кара-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жана аймактык мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин иштеги жакшы жетишкендиктери үчүн жана Кыргыз Республикасынын кесиптик жана расмий майрамдарына байланыштуу материалдык сыйлоо жана дем берүү;
е) табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын-алуу жана жоюу боюнча маселелерди тез арада чечүү, ошондой эле шаардын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо;
ж) спорт иш-чараларынын катышуучуларын, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерин финансылык жактан колдоо көрсөтүү;
з) жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же жакын туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүү;
и) табигый кырсыктардан, жаратылыш-техногендик катастрофалардан жапа чеккен социалдык-тиричилик, турак-жай-коммуналдык багыттагы обьекттерин калыбына келтирүү жана ремонттоо иштерин каржылоо (атайын жабдууларды, чарба инвентарларын, дары-дармектерди, тамак-аш продуктыларын, күйүчү май сатып алуу);
к) мыйзам күчүнө кирген соттук инстанциялардын актыларын аткаруу;
л) аскерге чакыруу комиссиялардын ишин камсыздоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү;
м) Кара-Суу шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарына тийиштүү башка иш-чараларды жана чыгымдарды каржылоо.
3.3 Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
а) киреше алып келүүчү коммерциялык максаттарга же ишмердикке;
б) өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин күтүүгө жана камсыздоого;
в) депутаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин өз кызыкчылыктарын канааттандырууга.
IV-глава. Кара-Суу шаарынын резервдик фондунун каражаттарын чыгымдоо тартиби
4.1 Резервдик фондунан каражаттар шаардын мэринин буйругунун негизинде бөлүнөт.
4.2 Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоо боюнча сунуштарды киргизүү укугу Кара-Суу шаарынын мэрине, Кара-Суу шаардык кеңештин депутаттарына, Кара-Суу шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине жана мэриянын аппарат кызматкерлеринин профсоюздук комитеттерине таандык.
4.3 Резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө сунуштун демилгечиси сметалык-финансылык документтерди тиркөө менен суралуучу каражаттарды жана анын көлөмүн бөлүү зарылчылыгын негиздөө менен өтүнүчтү шаардын мэрине жөнөтөт.
4.4 Шаардын мэри бул жобонун 4.3-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде сунушталган чыгымдардын максаттуулугу жөнүндө чечим кабыл алат.
V-глава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоого көзөмөл
5.1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервдик фонддун акча каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылуусуна каражат бөлүштүрүүчү жана каражат алуучулар жеке жоопкерчилик тартат.
5.2 Кара-Суу шаарынын мэри Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына резервдик фонддун каражаттарын чыгымдалышы жөнүндө квартал сайын маалымат берет.