Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 4 - августу № 7/2
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата кошумча кирешени каржылоо жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 18-июлундагы №3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата шаардын бюджетине түшкөн 3182,9 миң сом сметага кошумча киреше төмөндөгү иштерге каржылансын:
- көмүр баасынын кымбаттап кеткендигине байланыштуу – 485,0 миң сом;
- Шарихан-Сай каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды бузуу, тазалоо үчүн – 100,0 миң сом;
- Спорт оюндарына – 600,0 миң сом;
- Долбоордук – сметалык документтерди жасоого – 1000, 0 миң сом;
- Төраганын кызматтык авто унаасын оңдоого – 50,0 миң сом;
- Манас атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоого – 400,0 миң сом;
- К.Рахимов атындагы орто мектебинин ашканасына эмерек сатып алууга – 100,0 миң;
- Х.Турсунов мектебин бузууга – 447,9 миң сом
2022-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган Нурахунов, Б.Сыдыков көчөлөрүнө жалпы асфальт басууга - 3000,0 миң сом, Манас стадионунун айланпа жолуна жалпы асфальт төшөө - 2000,0 сом томөндөгү иштерге каржылансын:
- Г.Айтиев көчөсүнө тротуар брусчатка басууга – 2042,5 миң сом;
- МЭЗ көчөсүнө брусчатка басууга – 1785,1 миң сом
Аппарат бөлүмү жылытуу эсебинен 208,1 миң сом акча каражаты:
- Күйүүчү май үчүн – 58,1 миң сом;
- Вице-мэр авто унаасын оңоо үчүн – 100,0 миң сом;
- Мэриянын кабылдамасына кондиционер сатып алууга – 50,0 миң сом каржылансын.
Кошумча кирешелердин эсебинен 7498,3 миң сом томөндөгү иштерге каржылансын :
- Х.Турсунов мектебин бузууга кошумча – 1875,4 миң сом;
- МЭЗ көчөсүнө брусчатка басууга кошумча – 1785,1 миң сом;
- Юбилейный кичи шаарчасына суюк таштандылар чуңкурун курууга – 1491,4 миң сом;
- Кушбаков көчөсүнө суюк таштандылар чуңкурун курууга – 1544,2 миң сом;
- Нурахунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө балдар аянтчасын курууга – 500,0 миң сом;
- №3 Мээрим бала бакчасынын жылытуу системасын оңдоого – 150,0 миң сом;
- Нурахунов көчөсүндөгү мүрзөгө стяшка кылууга – 100,0 миң сом;
- Шарихан-Сай каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды бузуу, тазалоо үчүн – 52,0 миң сом
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзомолдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
А.О.Назаров |