Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин №7 чакырылышынын кезексиз 31- отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 20 - майы № 31-1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин № 54 Жарлыгын аткарууга алуу максатында иштелип чыккан «үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» иштелип чыккан ЖОБОНУ бекитүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин № 54 Жарлыгын аткарууга алуу максатында иштелип чыккан «үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» иштелип чыккан ЖОБО менен таанышып,талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына карата иштелип чыккан ЖОБО бекитилсин.
2. ЖОБОдо каралган бардык шарттар аткарылсын жана аткарылгандыгын көзөмөлдөө, ишке ашыруу Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана социалдык маселелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин депутаттарынын «Мыйзамдуулук, Укук, Диний, Депутаттык Этика. Коомдук тартип» иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |