Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин №7 чакырылышынын кезексиз 31- отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 20 - майы № 31-2
«Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 19.03. 2022-жылдын № 7 чакырылышынын 30-отурумундагы № 30-6 токтомуна өзгөртүү киргизүү» жөнүндө
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Байышованын билдирүүсүнө негиз, 19.03.2022-жылдын № 7 чакырылышынын 30-отурумундагы № 30-6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 19.03.2022-жылдагы 7- чакырылышынын 30- отурумундагы № 30-6 токтомун өзгөртүү киргизилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 1997-жылдын 23-августундагы 1-чакырылышынын Х- заседаниесинин № 11-5 чечимине, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2021-жылдын 24-мартында гы № 1542, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 5173 маалыматы деген сөздөрү алынып салынып, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 18.02.2022-жылдын № 1474, 13.04.2022-жылдагы № 2595 жана 16.05.2022-жылдын № 3485 архивдик маалыматына негиз, Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жеке өзүнө таандык болгон турак жайы жана ага тиешеүү 0,19 га жер тилкеси, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-32-беренесине ылайык , бекитилип берилсин .
3. Ажыратылып берилген жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. Көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин «айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төрага | Н.Жолдошов |