Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 31-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 20-майы № 31-3
«Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин 19.03.2022-жылдын №7 чакырылышынын 30-отурумундагы № 30-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү» жөнүндө
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Байышованын билдирүүсүнө негиз, 19.03.2022-жылдын № 7 чакырылышынын 30-отурумундагы 30-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 19.03.2022-жылындагы №7 чакырылышынын 30- отурумундагы 30-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү колго алынсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 1997- жылдын 23- августундагы 1- чакырылышынын Х-заседаниесинин № 11-5-чечимине, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2021- жылдын 24- мартындагы № 1542, 2021- жылдын 10-сентябрындагы № 5173 –маалыматы деген сөздөрү алынып салынсын, Ноокат райондук мамлекетинин 10.02.2022-жылдагы 213, 26.04.2022-жылдын № 3048 жана 11.05. 2022-жылдын № 3481 архивдик маалыматтарына негиз, Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Турдубаева Дильбархан Ташполотовнанын жеке өзүнө таандык болгон турак жайы 0,20 га жер тилкеси менен катталгандыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-32-беренесине ылайык, бекитилип берилсин.
3. Ажыратылып берилген жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Н.Исанов атындагы айыл окмотуно тапшырылсын.
Көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Н. Жолдошов |