Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 31-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 20-майы № 31-4
«Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин Типтүү регламентин» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14- мартындагы №-56 буйругу менен бекитилген, Жергиликтүү Кеңештин Типтүү регламенти жөнүндө айылдык кеңештин катчысы Г.Байышованын билдирүүсүнө негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин иштерин уюштуруу жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн, айылдык кеңештин Типтүү регламенти бекитилсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н .Исанов атындагы айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук , Укук , Диний, Депутаттык Этика Коомдук тартип» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Жолдошов |