Редакцияот 18.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын биринчи уюштуруу сессиясы

2021-жылдын 18 - майы № 1/2

Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө

Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасына айылдык кеңештин депутаты Койлубаев Мирбуба,катчысына айылдык кенештин депутаты Арзыкулова Орунбу,мүчөсүнө айылдык кеңештин депутаты Джакшыбаева Сууракан бекитилсин.

 

2. Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.

 

3. Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

 

Кара-гуз айылдык

кеңештин жаш курагы

улуу депутаты:

 

 

Б.Атаева