Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин 6-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2020-жылдын 6 - июну № 39/5
Жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагындагы Макаренко, Шоро-Башат, Бостон, Ана-Кызыл, Кыймыл айылдарынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун сурап жазган арыздарын канаттандыруу максатында, «Кыргызмамжердолборлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институту мамлекеттик ишканасынын 2020-жылдын 2- июнундагы 01-8/418 маалымат каттынын негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик турак - жай курууга Шоро-Башат айылында «Чалдыбар» учаскасында № 84 контурда 1,9 га, № 85 контурда 0,5 га, №86 контурда 0,9 га, № 87 контурда 0,2 га, жалпысынан 3,5 га жайыт жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан, Өзгөн райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча иш жүргүзүү жагы айыл, суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Ахмедов |