Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 27- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын
2021-жылдын 14 - январы № 27/1
Алайку айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсинин 2-пункутун, Алайку айылдык кенешинин регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Алайку айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө” Алайку айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Абдыкеримовдун маалыматын, Алайку айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Алайку айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайку айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү 11658,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Лицензиядан түшүүчү 200,0 миң сомго айылдарга жакынкы жердин аренда акысы 35,0мин сомго каржы министрлиги тарабынан көп болжолдонуп калгандыктан кыскартып берүү жагы суралсын.
3. Жыл ичинде чарбалык иштердеги базар баасынын өзгөрүшүнө ылайык Алайку айыл өкмөтүнө бюджеттин статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында бекитилери белгиленсин.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга жана 2021-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6 статьясынын 4 пунктуна жана 12 статьясынын 3 пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин
5. 7.Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы З.Качкынчиевге жүктөлсүн
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Алайку айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комитетинин төрагасы З.Качкынчиевге жүктөлсүн.
8. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Нурлан уулу Садыка жүктөлсүн
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Салибаев |