Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 27- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын
2021-жылдын 14 - январы № 27/2
Алайку айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 1 жылдык аткарылышы ФЭБдин башчысы Ж.Абдыкеримовдун отчету жөнүндө
Алайку айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Абдыкеримовдун 2020-жылдын ичинде Алайку айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Алайку айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ
1. Алайку айыл Өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча Алайку айыл Өкмөтүнүн ФЭБдин башчысы Ж.Абдыкеримовду жылдык отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Алайку айыл Өкмөтүнүн бюджетине сунуш кылынган өзгөртүүлөрү менен аткарууга алынган пункттарын так аткаргандыгын эске алып, Алайку айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү боюнча аткарылышы жөнүндө отчёт кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы – экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин төрагасы З.Качкынчиевге тапшырылсын.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Салибаев |