Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 27- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын
2021-жылдын 14 - январы № 27/3
Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт айылындагы “Алайку” балдар бакчасы мекемесин мамлекеттик каттоо жөнүндө
Алайку айыл кеңешинин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы З.Канкынчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” мыйзамынын 31-беренесин жетекчилике алып, Алайку айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Алайку” балдар бакчасы мекемеси юридикалык жак катары уюштурулууга уруксат берилсин.
2. “Алайку” балдар бакчасы мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөзүү жана бюджетке киргизүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтоомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Аттокуровго милдеттендирилсин.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Салибаев |