Редакцияот 14.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 27- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын

2021-жылдын 14 - январы № 27/6

Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Бөрү-Токой айылынын токой ичиндеги Салибаев Аттокурга Салибаев Мамытбеке караштуу эски тегирмендин жанындагы 0,65га үлүш жерине көрктөндүрүү багытына жана балык чарбасын уюштурууменен эс алуу борборун түзүү жөнүндө

Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Бөрү-Токой айылынын токой ичиндеги Салибаев Аттокурга Салибаев Мамытбеке караштуу эски тегирмендин жанындагы 0,65га үлүш жерине көрктөндүрүү багытына жана балык чарбасын уюштурууменен эс алуу борборун түзүү жөнүндөСалибаев Мамытбектин сунушун,айылдык кеңештин сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,туризмди өнүктүрүп,ишкердикти колдоо максатында Алаку айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Бөрү-Токой айылынын токой ичиндегиЭски тегирмендин жанындагы улуш 0,65 га жер тилкесин балык чарбасын уюштуруу жана эс алуу борборун түзүү жөнүндө М.Салибаевтин сунушу камсыздалсын.

2. Балык чарба үчүн сунуш кылынган жердин мыйзамдуулугун каралып, “Аттокур Ата” балык чарбасы жана эс-алуу борбору болуп түзүлсүн.

3. “Аттокур Ата” балык чарбасы жана Эс-алуу борборун түзүү жагы М.Салибаевке милдеттендирилсин.

4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Нурлан уулу Садыка жүктөлсүн

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Алайку айылдык

кеңешинин төрагасынын

орун басары:

 

 

А.Кожобаев